Ар бир жумуш сапаттуу жасалуусу керек!
19 августа 2024 г.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозовичтин тапшырмасына ылайык, Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары М.К. Султанов, энергетиктердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү үчүн Лейлек РЭТ ишканасына жана Сүлүктү РЭТ ишканасына барды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө энергетиктердин көмөк чордондорду техникалык тейлөө жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн жумуштарын жеринен көрүп, аткарылган иштердин сапатына баа берди.
М. Султанов өз сөзүндө «Элге сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү башкы милдетибиз, андыктан планга ылайык жасалуучу иштерди убагында кечиктирбестен бүтүрүү директордун катуу тапшырмасы» деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек Баткен электр тармактар ишканасынын энергетиктери 2024-2025 күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында, Баткен облусунун аймагында ар бир көмөкчү чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштарын кызуу жүргүзүүдө.