Колл - центр: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын түзүлгөнүнө 2 жыл

12 августа 2024 г.

2022-жылдын 10-август күнү КР Энергетика министринин тапшырмасы менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы»ААКнын директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы түзүлгөн.
 
Алгач эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун буйругу менен Баткен электр тармактар ишканасынын директору болуп Маркаев Каланбек Орозович дайындалган.
 
Курамында 5 райондук электр тармактар ишканасы Кызыл-Кыя РЭТ, Кадамжай РЭТ, Баткен РЭТ, Лейлек РЭТ жана Сүлүктү РЭТ ишканалары болуп, жалпы 543 кызматкер эмгектенип баштаган.
 
Баткен электр тармактар ишканасы түзүлгөндөн тартып, 2 жыл ичинде эбегейсиз чоң иштерди аткарды.
 
Атап кетсек:
 
1. Алгач эле Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаев жаңы имарат салууну колго алып, Баткен шаарында Баткен ЭТИнын облустук административдик имараты, ал эми Сүлүктү шаарында Сүлүктү РЭТ ишканасынын жаңы имараты башталды. Курулушу бат жана сапаттуу жүргөн бул имараттар ушул жылы колдонууга берүү алдында турат.
 
2. ⁠Баткен облусунун чек ара аймагындагы элди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында 110/10кВ кубаттуулуктагы «Тынчтык» көмөк чордону курулуп, ишке берилди. Андан сырткары чек ара айылдарында жаңы 6/10кВ аба чубалгылар тартылып, электр мамычалар орнотулду.
 
3. Энергетиктердин жумушун жеңилдетүү үчүн Баткен ЭТИнын автопаркы жаңыланып, 14 даана жаңы техникалар менен камсыздалды. Алардын ичинде бригадалык унаалар, кран-мануплятор, тракторлор бар.
 
4. ⁠Санариптик өнүгүү жолуна өтүү учурдун талабы. Анын негизинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын «Мой Свет» тиркемеси иштелип чыгып, өлкө боюнча электр керектөөчүлөр тикемени көчүрүп алды. Анын ичинен Баткен облусунун калкы да толук кандуу ушул тиркемени колдонуп баштады.
 
5. ⁠Баткен облусунун аймагында акылдуу электр эсептегичтер орнотула баштады. Алгач жумуш Кадамжай районунан башталып, учурда Кадамжай жана Баткен районуна 18500 (он сегиз миң беш жүз) даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду. Алдыда Баткен ЭТИнын капиталдык курулуш планына ылайык облус аймагы толук кандуу акылдуу электр эсептегич менен камсыздалат.
 
6. ⁠Бүгүнкү күндө Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаевтин тапшырмасына ылайык облус аймагында жаңы СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылар тартылып баштады. Учурда жумуш кызуу жүрүүдө.
 
7. ⁠Жумуш орундарды түзүү максатында Баткен ЭТИнын директорунун сунушу менен 200дөн ашуун жумуш орун түзүлүп, бүгүнкү күндө ишкана жалпы 744 кызматкер менен иш алып барууда.
 
Эң негизгиси Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамаатынын ынтымагы, директор Каланбек Орозовичтин чечкиндүүлүгү менен Баткен облусунун электр тармагы күн сайын өнүгүү жолунда мыкты иштерди жасап келүүдө.