Баткенде СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын тартуу иштери жүрүүдө
4 сентября 2024 г.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо иштеринин алкагында Баткен облусунун аймагында СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын тартуу иштерин кызуу жүргүзүүдө.
Жумуш бүгүнкү күндө Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Баткен РЭТ ишканасынын энергетиктери тарабынан Баткен районунун Бужум айылына СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын тартуу менен уланууда.
Иштин жүрүшүнөн Баткен РЭТ ишканасынын жетекчиси Д.М. Эшматов кабар алып, керектүү материалдар жетиштүү экенин баса белгилеп, ишти сапаттуу аткарууну тапшырды.
2024-жылы Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык Баткен облусунун аймагында 54,8 чакырым 0,4кВ СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылары курулуп, реконструкциялоо алкагында 26 км 0,4кВ жаңы СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылары тартылат. Анын ичинен Баткен районуна ушул жылы жалпы 15,3км тартуу пландалган.
Белгилей кетсек Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О.Маркаевтин тапшырмасы менен 2024-жылдын июнь айында облус аймагында СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын тартуу иштери кызуу башталган.
СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылары салмагы боюнча жеңил, кышында кар жабышууга туруктуу, суукта тоңбойт жана катуу шамалда электр мамыларына көп күч келбейт. СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларынын дагы бир артыкчылыгы оңдоо иштери оңой жана тейлөө иштеринде коопсуз.