Колл - центр: 105,1209

Директор 2024-жылдын алты айында аткарылган иштерди жеринен текшерди

7 августа 2024 г.

«Кыргызстан» УЭТ ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаев Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай, Кызыл-Кыя РЭТ ишканаларына барып, 2024-жылдын алты айында аткарылган иштерди текшерди.
 
Алсак жыл башынан бери Кызыл-Кыя РЭТ ишканасы 20 даана көмөкчү чордонду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 95 даана көмөкчү чордондорго техникалык тейлөө иштерин жүргүзгөн. Андан сырткары 6-10кВ аба-чубалгысынан 59,1 км, ал эми 0,4кВ аба-чубалгысынан 227,4 км тейлөө иштерин аткарган.
 
Ал эми Кадамжай РЭТ ишканасы жыл башынан бери 58 даана көмөкчү чордонду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 299 даана көмөкчү чордонго техникалык тейлөө иштерин жүргүзгөн. Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык Кадамжай районунда 6-10кВ аба чубалгысынан 45 км капиталдык оңдоп түзөөдөн өтсө, 478 км аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүрдү. Андан сырткары 743 даана жаңы темир-бетон мамычалар Кадамжай районунун айылдарына орнотулду.
 
Директор өз сөзүндө 2024-жылдын соңуна чейин аталган РЭТ ишканаларынын жетекчилигине пландалган жумуштарды толугу менен сапаттуу аткарууну тапшырып, ар бир жасалган жумуштар жеке көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи.