Министрдин 1-орун басары Баткенде
22 августа 2024 г.
2024-жылдын 19-20-август күндөрү КР энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович Баткен облусуна жумушчу сапар менен келди.
Сапардын биринчи күнү Баткен шаарынан башталып, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров менен жолугушуп, Баткен облусунун 2024-2025 күз-кыш мезгилине даярдыгын талкуулады.
Андан соң орун басар «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев менен биргеликте Баткен ЭТИнын жаңы салынып жаткан административдик имаратынын курулушу менен таанышты.
Баткен ЭТИнын директору К.О. Маркаев имараттын курулушу тууралуу маалымат берип, бул имарат 2024-жылы пайдаланууга берилүү алдында тураарын айтып өттү.
Министрдин биринчи орун басары Курсантбек Анарбекович өз сөзүндө «Курулуштун сапаты мыкты болсун, анткени энергетиктердин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү биздин башкы милдетибиз» деп баса белгиледи.
Сапардын экинчи күнү Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарында уланды. Алгач эле министрдин биринчи орун басары Кадамжай районунда жайгашкан социалдык объекттердин (Мектеп, Оорукана ж.б) жылытуу системасы менен таанышып, жылытуучу от казандар, алынган көмүрлөр, жалпысынан кышка даярдык тууралуу маалымат алды.
Андан соң орун басар Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан ЖЭБке барды. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, шаар калкын жылытуу менен камсыз кылуу үчүн ЖЭБтин даярдыгы тууралуу маалымат берди.