Баткен электр тармактары ишканасы (БЭТИ) - “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалдык түзүмдүк бөлүмү болуп 2022-жылдын 10-август күнү түзүлгөн.
Ишкананын тейлөөсүндө жалпы 872,7 МВА белгиленген кубаттуулуктагы 50 көмөк чордондор бар:
жана 10/0,4 кВ КЧдун саны (КТП) 3503 даана, суммардык кубаттуулугу 567 798 кВА,
Жалпы аба чубалгыларынын узактыгы 5647, 202 км:
Баткен электр тармактар ишканасы облус ичинде 5 райондук электр тармактарын камтыйт. Райондук электр тармактары көмөк чордон жана аба чубалгыларын тейлөө жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт.
“Кыргызстан Улуттук Электр Тармагы” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактары ишканасы — облустун энергия системасында өзгөчө мааниге ээ. Бул ишкана 230 чакырымга созулган кеңири тейлөө аймагында калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында тынымсыз эмгектенүүдө.
Бүгүнкү күндө ишкана өз курамында 21 участокту бириктирип, жалпы 802 кызматкерди иш менен камсыз кылууда. Алардын ичинен:
· 557си өндүрүштүк кызматкер — күнүмдүк техникалык иштерди жүргүзүп, тармактардын туруктуу иштешин камсыз кылышат;
· 76сы административдик кызматкер — башкаруу жана уюштуруу иштерин алып барышат;
· 169у сатуулар боюнча кызматкерлер — керектөөчүлөр менен тыгыз иш алып барып, эсеп-кысап жана тейлөө кызматтарын жүргүзүшөт.