Колл - центр: 105,1209

Министр Баткенге 4 жаны техника берди

15 июля 2024 г.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен электр тармактар ишканасына 4 жаңы атайын техникаларды  бөлүп берди

КР энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктер үчүн сатып алынган 30 даана атайын техниканын ичинен 4 даана техниканы «Кыргызстан» УЭТ ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына бөлүп берди.

Алар: 
1 даана авто кран
1 даана кран-мануплятор
2 даана экскватор.

 Бул атайын техникалар Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кызыл-Кыя РЭТ ишканасына кран-мануплятор, Баткен РЭТ ишканасына экскватор, Лейлек РЭТ ишканасына экскватор жана Баткен ЭТИнын авто паркына 30 тонна жүк көтөрүүчү авто-кран болуп бөлүнүп берилет.

 Эске сала кетсек 2024-жылдын 7-8-июль күндөрү КР энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна жасаган сапарында, ар бир райондо жайгашкан РЭТ ишканаларына барып, энергетиктердин ишмердүүлүгү менен таанышкан. 
Сапардын жүрүшүндө энергетиктер тарабынан бир канча көйгөйлөр айтылып, Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев министрден, Баткен ЭТИнын автопаркын толуктоо үчүн бир канча атайын техникалар жетишпесин айтып кайрылган.

Министр Таалайбек Ибраев бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, унаалар менен камсыздоого сөз берип, жыйынтыгында 2024-жылдын 12-июль күнү «Кыргызстан» улуттук электр тармагы ачык акционердик коому үчүн сатып алынган 30 даана атайын техниканын ичинен 4 даана техниканы Баткен электр тармактар ишканасына бөлүп берди.

Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаев өз сөзүндө КР энергетика министри Таалайбек Ибраевке жана «Кыргызстан» улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун башкы директору А.Д. Рысбековго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Бул атайын техникалар жаңы жана ыңгайлуу болгондуктан Баткен ЭТИнын энергетиктеринин жумушун жеңилдетет, буга чейин мануплятор, бригадалык унаалар келген болсо, бул ирет өзгөчөт кызмат кылууга ылайыктуу унаалар келип бизди кубандырып турат. Мен учурдан пайдаланып бизди колдоп турган жетекчиликке терең ыраазычылык билдирем” деп баса белгиледи.


Белгилей кетсек 2022-2023-жылдары да Баткен ЭТИнын автопаркын толуктоо үчүн 11 жаңы атайын техникалар тапшырылган.