Колл - борбор: 105,1209

110/35/6 кВ «Жин-Жиген» көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

14 Октябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Баткен электр тармактары ишканасынын «Көмөкчү чордондор» кызматы тарабынан Кызыл-Кыя шаарындагы 110/35/6 кВ чыңалуудагы “Жин-Жиген” көмөк чордонунда, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

 Аталган көмөк чордондон Кызыл-Кыя шаарынын Караван, Восток 1, Ынтымак аймактары жана Араван районунун Пахтачы, Төө-Моюн айылдары ошондой эле “Сууканал”, “Аксай” цемент заводу, Шифер заводу өндүрүштүк ишканалар электр энергиясы менен камсыздалат.

 Учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртууга, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.

 Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан электр тармактарында жана көмөк чордондордо пландуу оңдоо, техникалык тейлөө жана алдын алуу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

 Энергетиктердин негизги максаты - керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу!