Колл - борбор: 105,1209

28-апрель — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү!

28 Апрель 2026 ж.

8-апрель — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата “КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине ишкананын кесиптик бирлик жана ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы тарабынан атайын семинар өткөрүлдү.

 Семинардын жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү тууралуу маалымат берилип, эмгекти коргоонун негизги эрежелери, коопсуздук техникасын сактоо, электр жабдуулары менен иштөөдө коркунучтарды болтурбоо жолдору кеңири түшүндүрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — кызматкерлердин эмгек коопсуздугу боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, өндүрүштөгү кырсыктардын алдын алуу жана коопсуз иштөө маданиятын калыптандыруу болду.

 Ишкананын жетекчилиги эмгек коопсуздугу — ар бир кызматкердин ден соолугун жана өмүрүн сактоодогу эң маанилүү фактор экенин белгилеп, бул багыттагы иштер мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын билдирди.