35/10кВ «Животноводческая» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды
19 Июль 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформалар ишке ашырылууда. Анын алкагында Баткен шаарынын керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жана тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Баткен электр тармактар ишканасынын 35/10кВ «Животноводческая» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды.
2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында 1984-жылы курулган 35/10 кВ «Животноводческая» көмөк чордонундагы кубаттуулугу 10 000 кВА болгон күч трансформатору, учурда кубаттуулугу 16 000 кВА болгон куч трансформаторуна алмаштырылды.
Аталган көмөкчордондун кубаттуулугун жогорулатуу иштерине Улуттук электр тармактар ишканасынын өздук каражатынын эсебинен каржыланды.
Кубаттуулугу жогорулатылган жаңы трансформатор көмөк чордонунун ишенимдүүлүгүн арттырып, электр тармагындагы жүктөмдү азайтууга жардам берет. Бул өз кезегинде аскердик жана социалдык объектилердин, ошондой эле турак жайлардын сапаттуу электр менен камсыз болушуна өбөлгө түзөт.

Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Баткен электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына
http://bpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209 номерлерине байланыша аласыз!