«КУЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы тарабынан Лейлек районунун Кулунду айылындагы 35/6 кВ «Насосная Кулунду» көмөк чордонунда эскилиги жеткен, май менен иштеген өчүрүп-жандыргычтар толугу менен заманбап вакуумдук өчүрүп-жандыргычтарга алмаштырылды.
Бул иштер электр энергиясын берүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган. Вакуумдук өчүрүп-жандыргычтар техникалык тейлөөнү аз талап кылып, эксплуатациялык мөөнөтү узун жана экологиялык жактан коопсуз болуп саналат. Мындан сырткары, алар электр тармактарындагы кыска туташууларды тез арада өчүрүп, керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүгө шарт түзөт.
Жүргүзүлгөн жаңылоо иштеринин натыйжасында «Насосная Кулунду» көмөк чордонунун техникалык абалы жакшыртылып, Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын жашоочуларын, Кулунду айылынын сугат суу насосторун сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк кеңейди