Колл - борбор: 105,1209

41 жылдык тарыхы бар Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы.

17 Февраль 2025 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Кадамжай райондук электр тармактар ишканасы мезгилдин оор күндөрү кыштын каарын кайтарып, оорукана, бала-бакча жана мектеп сыяктуу бюджеттик мекеме-ишканаларды жана калкты үзгүлтүксүз жылуулук жана жарыктык менен камсыздайт.
Ишкананын тарыхы:
 
1952-жылдары ГЭС болуп курулган имараттын суу түшө турган турбалары жарандык коргонууга иштетилген.
1981-жылы ГЭСти кайрадан түптөп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, Пүлгөн бөлүмү аталып, Кызыл –Кыя РЭТ ишканасынын карамагында болгон.
 
Кадамжай райондук электр тармактар ишканасы 1982-жылы декабрь айында Ош электр тармактар ишканасынын директорунун буйругу менен Фрунзе райондук электр тармактар ишканасы болуп түптөлүп, биринчи жетекчи Айткулов Байаман Мурзабекович, ага устаты Мамажанов Абдинаби Тапибалдиевич дайындалган.
 
Андан кийин 1983-жылдын январь айында Ош электр тармактар ишканасынын директорунун буйругу менен Пүлгөн айылында элдер менен жыйын өткөрүлүп ,жаңы жетекчи Эшимканов Э.Э дайындалып ,РЭТ ишканасынын жамааты менен тааныштырылган.
 
Ушул эле жылы Алга 35/10 кВ көмөк чордону ишке киргизилген. Ал эми Фрунзе райондук электр тармактар ишканасы ГЭСтин реконструкция кылынган кеңсесинде орун алып, ошол убакта 27 жумушчу эмгектенген.
 
1987-жылы Фрунзе РЭТ ишканасына Мамажанов Абдинаби Тапибалдиевич жетекчи болуп дайындалып, ошол жылдары Ак-Суу дарыясына РЭТ ишканасына өтүүчү чоң көпүрө курулуп, ишке берилген.
 
Фрунзе райондук электр тармактар ишканасында 1987-жылдары 44 кызматкер иштеп, эксплуатация бригадасы болгон, ал эми электр энергия сатуу бөлүмү РЭТ ишканасына караштуу болгон эмес.
 
1988-жылдары электр энергия сатуу бөлүмү Фрунзе райондук электр тармактар ишканасына кошулган.
 
1992-жылы аталган РЭТ Ош облусунун Кадамжай районунун Кадамжай райондук электр тармактары ишканасы болуп өзгөртүлгөн.
 
Ошол кезде Кадамжай РЭТ ишканасында Ормош, Марказ, Бүргөндү бөлүмдөрү болгон болсо, эл эми 1995-жылы Кадамжай жана Чаувай бөлүмдөрү түзүлгөн.
1996-жылдын март айында Абдиев Ф.А жетекчи болуп , башкы инженер
Мамажанов А.Т дайындалган.
 
2000-жылдары Мамажанов А.Т сунушу менен Уч-Коргон подстанциясынын линиясын жеңилдетүү максатында Маш завод 110/10 кВ көмөкчү чордону Исфайрам жана Боз аталышында эки фидерге бөлүнүп, Уч-Коргон эли электр энергиясы менен камсыздалган.
 
2000-жылга чейин электр энергиясы жок жашоо өткөргөн Көтөрмө айыл аймагына караштуу Кара-Шоро айылына Кадамжай РЭТ жетекчиси С.А. Сулайманов кезинде электр мамычалар орнотулуп, элге биринчи жолу коопсуз жана үзгүлтүксүз электр энергиясы тартылган.
 
2022-жылдын 10-август күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы түзүлүп, Кадамжай РЭТ ишканасы Баткен электр тармактар ишканасынын карамагына өткөн.
 
2023-жылга чейин Кадамжай райондук тармактары ишканасын төмөнкү жетекчилер жетектеп келген:
Айткулов Б.М, Мамажанов А.Т, Абдиев Ф.А, Сулайманов С.А, Жумалиев Ч.К, Эгембердиев М, Турганбаев С, Каримов Э, Мамашов А, Абдуллаев Р, Казаков Д, Исаков И, Топчубаев Ж.К, Исаев А, Мансуров А, Абдыллаев А.Т, Молдобаев А, Мусаев Э.С, Мамадалиев Н.З, Байгуттуев А.А, Тертеев М.Т.
 
2023-жылдын ноябрь айында Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаевтин буйругу менен Мусаев Эмин Сабырович Кадамжай РЭТ ишканасынын жетекчиси болуп дайындалып, азыркы күнгө чейин иштеп келүүдө.
 
Кадамжай РЭТ ишканасында бүгүнкү күндө 153 кызматкер эмгектенип келет.
Азыркы учурда тейлөө аймагы жалпы 100 км болсо, ал эми Кадамжай РЭТ ишканасына караштуу 8 бөлүм бар.
 
Район аймагында 35кВ кубаттуулуктагы 13 көмөк чордон орун алып, Кадамжай РЭТ ишканасы 44014 калк керектөөчүнү жана 3831 калк эмес керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт. Андан сырткары жалпы узундугу 1502,72 км аба чубалгысын тейлейт.
 
Элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда өзүнүн чоң салымын кошуп,ак ниет менен эмгектенген Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын эмгек ардагерлери да арбын.
Алар:
 
Дольченка Н.Я,
Каликов Асамидин, Мамажанов Абдинаби, Акматов Мамит, Орунбаева Гулсана, Эшматов Ражап, Абдухаликов Абдурашит, Абдурасулов Гылам, Шакиров Суюн, Салиев Сражидин, Тажибаев Дыканбай, Джумабаев Одил, Камилов Одилжон, Мадатов Нажимидин, Каратаев Дамин.
 
Бүгүнкү күндө Кадамжай райондук тармактар ишканасында 153 жумушчу-кызматкерлер үзүрлүү эмгектенип, райондун социалдык тармактарына жана калкка үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоодо талыкпастан иштеп келүүдө.