Колл - борбор: 105,1209

66 жылдык тарыхы бар Баткен райондук электр тармактары ишканасы.

23 Апрель 2025 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Баткен райондук электр тармактар ишканасы мезгилдин оор күндөрү кыштын каарын кайтарып, оорукана, бала-бакча жана мектеп сыяктуу бюджеттик мекеме-ишканаларды жана калкты үзгүлтүксүз жылуулук жана жарыктык менен камсыздап келет.
 
Ишкананын тарыхы:
 
Баткен райондук электр тармактар ишканасы 1959-жылы Баткен бөлүмү болуп түптөлүп, 1959-жылдан 1961-жылга чейин И. Хизматулин жетекчи болгон. Ошол жылдары бир гана көмөк чордон элге кызмат кылып, жыйырмадан ашуун кызматкер иштеп турган. 1959-жылдын ноябрь айларында кошуна Өзбекстан мамлекети аркылуу 35кВ “Шор-Суу-Баткен” жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы тартылган. Ошону менен бирге үч чоң көмөк чордондор курулуп ишке киргизилген. Алар:
1. ПС “Орженикидзе”
2. ПС “Баткен”
3. ПС “Кара-Токой-1”
 
1961-жылдан 1994-жылга чейин Кудайбердиев Кадыр Шарипович жетектеп, кол астында жүздөй кызматкер иштеп турган. 1963-жылы Кара-Булак айылына көмөк чордон курулуп, айылга электр энергиясы тартылып, элди жарык менен камсыздап келген.
 
1994-жылы Баткен РЭТ ишканасына Караев Абдилаким жетекчи болуп дайындалып, Баткен райондук электр тармактар ишканасында 85 кызматкер иштеген. Эксплуатация бригадасы болгон жана ошол кезде Баткен РЭТ ишканасында Баткен, Кара-Бак, Кара-Токой жана Самаркандек бөлүмдөрү иштеп турган болсо, эл эми 2008-жылы Бужум бөлүмү да түзүлгөн.
 
1996-жылдын март айында Сулайманов Самат Ашимович жетекчи болуп , башкы инженер болуп Жороев Сулайман Шакирович дайындалган.
2000-жылдары Баткен РЭТинин жетекчиси болуп Акматов Улукбек Жаныбаевич дайындалып, 2007-жылга чейин жетектеген. 2002-жылдары Баткен РЭТинин электр энергиясын сатуу бөлүмү өзүнчө болуп, эксплуатация тармагын Осмонов Аззам Саттарович жетектеп турган.
 
2007-жылы Баткен облусу боюнча Баткен филиалы ачылып, директору жана Баткен РЭТинин башчысы болуп Маркаев Каланбек Орозевич дайындалган.
2010-жылдан 2011-жылга чейин Баткен РЭТ ишканасына Исаев Абдипатта Матаевич жетекчи болуп, кайра 2011-жылдан Маркаев К.О. Баткен РЭТинин жетекчиси, 2016-жылы Баткен облусу боюнча атайын өкүлү жана Баткен РЭТинин башчысы болуп 2019-жылга чейин эмгектенген.
 
Маркаев Каланбек Орозович жетектеп турган убакта бир топ алгылыктуу жумуштар жасалган:
 
Алсак 2011-жылы Кыргыз-Өзбек чек арасында чыккан чырдан улам Өзбекстан Республикасынын Сох районунун аймагын аралап өткөн 1-май фидери 0,4-10кВ аба чубалгылар Кыргыз Республикасынын аймагына чыгарылган.
 
Андан сырткары Тажик Республикасынын аймагынан аралап өткөн Аксай фидери 10-0,4кВ аба чубалгылар жана көмөкчү чордондор да Кыргыз Республикасынын аймагына чыгарылган.
2015-жылы Өзбекстан республикасынан электр энергиясын пайдалып жүргөн Баткен районунун Бөжөй айылы, Маркаев Каланбек Орозович жетектеп турган убакта өз алдынча Бөжөй фидери түзүлүп, ишке кирген.
 
2019-жылы Тулаев Болотбек Мамашарипович Баткен РЭТинин башчысы болуп дайындалган.
2022-жылдын 10-август күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы түзүлүп, Баткен РЭТ ишканасы Баткен электр тармактар ишканасынын карамагына өткөн.
 
2022-жылы Кыргыз Тажик коогалаңында Баткен РЭТ энергетиктери Ак-Сай, Капчыгай, Самаркандек, Достук, Миң-Өрүк жана Миң-Булак айылдарын калыбына келтирүүдө ыкчам аракет кылып, тез арада электр энергия менен камсыз кылууда баатырларча кызмат көрсөтүшкөн.
 
2024-жылдын март айынан 2025-март айына чейин Эшматов Дүйшөбек Мамасыдыкович Баткен РЭТ ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келген.
 
2025-жылдын 17-март күнү Баткен райондук электр тармактары ишканасынын башчысы болуп Тулаев Болотбек Мамашарипович дайындалып, азыркы күнгө чейин иштеп келүүдө.
 
2024-жылга чейин Баткен райондук электр тармактары ишканасын төмөнкү жетекчилер жетектеп келген:
Кудайбердиев К.Ш, Караев А, Сулайманов С.А, Акматов У,Ж, Осмонов А.С. Маркаев К.О, Тулаев Б.М.
Баткен район жана шаардын аймагында орун алган жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор:
1. 220 кВ кубаттуулуктагы 1 көмөк чордон,
2. 110-35-10 кВ кубаттуулукта 2 көмөк чордон,
3. 110-10 кВ кубаттуулукта 1 көмөк чордон,
4. 35-10 кВ кубаттуулукта 8 көмөк чордон.
 
Азыркы учурда тейлөө аймагы жалпы 120 км болсо, ал эми Баткен РЭТ ишканасына караштуу 5 бөлүм бар.
1. Баткен бөлүмү.
2. Бужум бөлүмү.
3. Кара-Бак бөлүмү.
4. Кара-Токой бөлүмү.
5. Самаркандек бөлүмү.
 
Негизинен Баткен район жана шаарды электр энергия менен тейлеп турган 920 даана көмөк чордону бар, анын ичинен 491 даанасы Баткен райондук электр тармактар ишканасынын карамагында, ал эми 430 даанасы жеке менчик, өз башкармалыктардын (потребительский) карамагындагы көмөк чордондор катталган.
 
Андан сырткары жалпы узундугу 940,186 км аба чубалгыларын тейлейт. Баткен РЭТ ишканасы 25081 калк керектөөчүнү жана 2652 калк эмес керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт. Элди үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 2024-2025-жыл ичинде, азыркы заман талабы болгон СИП кабель узундугу 16,8 км тартылып, керектөөчүлөргө 13756 даана АСКУЭ акылдуу электр эсептегичтер акысыз орнотулду.
 
Баткен райондук электр тармактар ишканасынын эмгек ардагерлери:
Киличов М, Исаев Ш, Топчибаев Э, Надиров М, Эшалиев Т, Шамшиев А, Ысманов А, Абдыразаков Ж, Пазылов И, Саттаров К, Темиров А, Мамытов А, Тагаев Ю, Нишанов А.
 
Бүгүнкү күндө Баткен райондук электр тармактары ишканасында 90 жумушчу-кызматкерлер үзүрлүү эмгектенип, райондун социалдык тармактарына жана калкка үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоодо талыкпастан иштеп келүүдө.