Колл - борбор: 105,1209

БУЖУМ УЧАСТОГУНУН ЖАҢЫ ИМАРАТЫНЫН КУРУЛУШУ КЫЗУУ УЛАНУУДА

26 Май 2026 ж.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тарамдар ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында Баткен районунун Бужум айылында энергетиктер үчүн бардык шарттары каралган жаңы заманбап административдик имарат курулууда.

 Курулуш иштеринин жүрүшү менен Баткен электр тарамдар ишканасынын директору Нурлан Мамадалиев жеринде таанышып чыгып, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ошондой эле подряддык уюмга курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

 Аталган курулуш иштери “Триумф Пласт” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Долбоордун жалпы сметалык баасы 8 миллион 371 миң 411 сомду түзөт.

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар каралган:

▪️ кызматкерлердин эс алуу бөлмөсү;
▪️ шаймандарды жана техникалык каражаттарды сактоочу жай;
▪️ санитардык-гигиеналык түйүндөр;
▪️ ыкчам жыйындарды өткөрүүчү бөлмө;
▪️ кампа;
▪️ автоунаа токтотуучу жай.

 Учурда курулуштун кладка иштери активдүү жүрүүдө. Объектте 5 жумушчу жана 3 атайын техника тартылып, курулуш белгиленген графиктин негизинде улантылууда.

 Белгилей кетсек, жаңы имарат энергетиктердин эмгек шарттарын жакшыртуу менен бирге, Бужум участогунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Имаратты үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.