Колл - борбор: 105,1209

А.Ташбалтаев Баткендеги энергетика тармагындагы аткарылган иштерге токтолду

15 Декабрь 2025 ж.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, облус калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында энергетика тармагында аткарылган жана алдыда аткарыла турган иштерге кеңири токтолду.
 
Анын айтымында, акыркы жылдары Баткен облусунда электр тармактарын жаңылоо, эскирген жабдууларды алмаштыруу, жаңы көмөк чордондордун курулушу, акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча ири иштер жүргүзүлдү.
Аны менен катар чек арадан көчүрүлгөн тургундарга курулган Жаңы-Достук, Раззаов жана Максат айылдары кыска мөөнөттүн ичинде электр энергиясы менен камсыздалды. Ар бир айылга жаңы электр мамылары, ар бир үйгө акылдуу эсептегичтер орнотулуп, көчөлөр жарыктандырылып, жаңы конуштар толугу менен жарык менен камсыз болду.
Ошондой эле, Баткен шаарындагы “Жаңы-Достук” айылы, Асман-1, Асман-2 мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү, “Баткен Сити” конушун, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадионду, Бужум айылын электр энергиясы менен камсыз кылган 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордону курулду.
Сөзүнүн аягында Абдирашит Ташбалтаев, облуста курулган чакан ГЭСтер жана энергетика тармагында алдыда ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу да маалымат берип, бул иштердин баары облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этип, калкты жана мекеме-ишканаларды сапаттуу, туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууда маанилүү багыт экенин баса белгиледи.