Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тарамктар ишканасынын имаратына күн панелдери орнотулду

15 Август 2025 ж.

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан  электр энергиясын үнөмдөө жана кайра жаралуучу электр энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү реформаларынын алкагында, “КУЭТ” АККнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы чоң кадам таштады. Ишканын имаратынын чатырына  заманбап күн панелдери  орнотулду.   Бул Демилге мекемелердин туруктуу энергия менен камсыздалышын камсыздап, ошол эле учурда таза жана коопсуз энергия булактарын колдонууну  жайылтуу  максатын көздөйт .

 

Бүгүнкү күндө ишкананын чатырында жалпы кубаттуулугу 150 кВт болгон күн панелдери орнотулуп, алардын 75 кВт кубаттуулугу активдүү иштеп жатат. Бул көрсөткүчтөн 35 кВт – түздөн-түз ишкананын ички керектөөлөрүнө жумшалууда. Ал эми калган 40 кВт – борбордук электр тармагына кошулуп, жалпы системага берилүүдө. Бул — жаратылышты коргоо менен катар өлкөнүн энергетикалык туруктуулугуна кошкон олуттуу салым.

 Мындан тышкары, кайра жаралуучу электр энергия булактарын колдонуу демилгесин Сүлүктү райондук  электр тармактары да колдоого алды. Өзүнүн административдик имаратынын чатырына жалпы кубаттуулугу 50 кВт болгон заманбап күн панелдерин орнотууну ийгиликтүү жүзөгө ашырды.

“КУЭТ” АККнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы  муну менен токтоп калбай, күн энергиясын пайдалануу аракетин облустун башка аймактарында да уланта бермекчи.

Бул демилгелер – Баткен облусунун энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, экологиялык таза технологияларды жайылтууга жана мамлекеттик бюджеттен электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтууга чоң өбөлгө болот.