Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү өз убагында төлөм жүргүзүүгө чакырат

28 Ноябрь 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы жалпы Баткен облусунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясына болгон төлөмдү 2024-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин өз убагында төлөөгө чакырат.
 
Эгерде электр энергиясына болгон төлөм өз убагында төлөнбөсө, эскертүүсүз электр жарыгы аралыктан өчүрүлөөрүн маалымдайт.
 
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү Мой свет мобилдик тиркемеси жана банктык мобилдик тиркемелер, «Мбанк», «PAY 24», «Qwickpay», «UMAI», «Оңой», «TeremPay», MSТС (Касса-24), «Оптима 24», «РСК», Megacom, О! терминалдары, «ЭЛСОМ», «О деньги!», ?«Balance.kg» электрондук капчыктары, ошондой эле «Кыргыз Почтасы» МИ, «Айыл Банк», «РСК банк», «Керемет Банк» ж.б. банктардын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.