Баткен электр тармактар ишканасына жаңы кызматтык унаалардын ачкычтары тапшырылды
9 Май 2025 ж.
Баткен электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңы кызматтык унаалар менен толукталды. Бул унаалар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан сатып алынган 54 даана атайын техниканын алкагында бөлүнүп берилген.
Жаңы техникалардын курамына төмөнкүлөр кирет:
3 даана Chevrolet Cobalt кызматтык унаасы,
1 даана JAC T-8 пикап базасындагы бригадалык унаа.
1 даана ISUZU бригадалык унаа.
Жаңы унаалардын ачкычтарын тапшыруу аземи бүгүн, 9-май күнү өтүп, ага «КУЭТ» ААКсынын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу, Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозович жана энергетиктер катышты.
Аймактар боюнча бөлүнгөн унаалар төмөнкүдөй:
Лейлек райондук электр тармактар ишканасына – 1 даана Chevrolet Cobalt жана 1 даана ISUZU бригадалык унаа,
Баткен райондук электр тармактарына – 1 даана Chevrolet Cobalt кызматтык унаасы жана JAC T-8 бригадалык унаасы.
Кадамдай райондук электр тармактар ишканасына 1 даана Chevrolet Cobalt кызматтык унаасы.
Бул транспорт каражаттары электр тармактарында техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө, авариялык абалдарга ылдам жооп кайтарууга жана кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт.