Колл - борбор: 105,1209

БАТКЕН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНДА 2026–2027-ЖЫЛДАРДАГЫ КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ.

22 Октябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасында электр тармактарынын жана энергетикалык объектилердин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы текшерилүүдө.

 

Текшерүү учурунда жабдуулардын техникалык абалына жана кызматкерлердин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Комиссия тарабынан оңдоо иштеринин аткарылышы, электр берүүчү аба чубалгыларынын абалы, релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрү, ошондой эле авариялык бригадалардын, атайын техникалардын жана байланыш каражаттарынын даярдыгы текшерилүүдө.

 

Мындан тышкары, текшерүүнүн алкагында төмөнкү маселелерге баа берилүүдө:

Зарыл болгон материалдардын жана запастык бөлүктөрдүн жетиштүүлүгү;

Кызматкерлердин кышкы атайын кийимдер менен камсыз болушу;

Автотранспорт каражаттарынын төмөнкү температурада иштөөгө даярдыгы;

Энергетикалык объектилерди аба ырайынын жагымсыз шарттарынан коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы.

 

Комиссиянын курамына ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана тиешелүү адистер кирген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча энергетикалык объектилердин алдыдагы кышкы мезгилге даярдыгына баа берилет. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

 

Баткен электр тармактар ишканасы жалпысынан 132 661 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт. Алардын ичинен:

Калк керектөөчүлөр — 123 263;

Калк эмес керектөөчүлөр — 9398;

 

Негизги максат — күз-кыш мезгилиндеги электр энергиясына болгон жогорку суроо-талап учурунда электр тармактарынын ишенимдүү иштешин жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылуу.