Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында 481 кызматкер техникалык окуудан өткөрүлүүдө

13 Январь 2025 ж.

Баткен электр тармактар ишканасында 481 кызматкер техникалык окуудан өткөрүлүүдө
 
2025-жылдын 13-январынан тартып «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасында кызматкерлер үчүн техникалык окуулар башталды.
 
Учурда облустагы бардык райондук электр тармактарынын кызматкерлерине өндүрүштөн ажыратылбаган техникалык окуулар өткөрүлүп жатат.
 
 Аталган окутуунун негизги максаты - ар бир кызматкерди биринчиден өздүк коопсуздукка үйрөтүү, ошону менен бирге ар кандай кырдаал учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого жана кесиптик квалификацияларын жогорулатууга багытталган.
 
Айта кетсек, 2025-жылга карата “Кыргызстан УЭТ” ААКнын окуу борборуна план боюнча өндүрүштөн ажыратып, 94 кызматкер окууга жөнөтүлөт. Ал эми Баткен электр тармактар ишканасынын окуу борборунда 481 адам окутулат. Жалпысынан алганда план боюнча 142 адам өндүрүштөн ажыратылып, ал эми 481 адам өндүрүштөн ажыратылбаган окууда (тех.учеба) окутулат.
 
Түзүлгөн график боюнча январь айында башталган окуу февраль айында жыйынтыкталат.