Баткен электр тармактар ишканасында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган спартакиада өттү
2025-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы спорттук иш-чара өткөрдү.
Жыл сайын салтка айланып өткөрулгөн бул спартакияда бул ирэт Лейлек райондук электр тармагы тарабынан уюштурулду. Спорттук иш чарага Баткен электр тармактар ишканасынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана райондук электр тармактарынын кызматкерлери катышып, жалпысынан 7 команда спорттун кичи футбол, волейбол, кол күрөш, аркан тартыш жана таш көтөрүү боюнча мелдешишти.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин колдоосу жана “Кыргызстан УЭТ” ААКнын демилгеси менен уюштурулуп, спорт аркылуу кызматкерлердин ынтымагын бекемдөөгө, ден соолугун чыңдоого жана эмгек жамааттын биримдигин арттырууга багытталды.
Мелдештер жогорку маанайда өтүп, катышуучулар өз ара достук жана ынтымакта атаандашып, жалпы жамааттын бирдиктүү экенин дагы бир жолу айгинелешти. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.
“КУЭТ” ААкнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы мындай иш-чараларды өткөрүү аркылуу жамаат ичиндеги достук мамилени чыңдоону жана биримдикти бекемдөөнү уланта берет.