Баткен электр тармактар ишканасында Ишенимдүүлүк коопсуздук жана техникалык кызматынын Республикалык семинары болуп өттү.
17 Апрель 2025 ж.
2025-жылдын 14-15-16-апрель күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасында эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өндүрүштөгү персонал менен иштөө боюнча Ишенимдүүлүк коопсуздук жана техникалык кызматтарынын Республикалык семинары болуп өттү.
14-апрель күнү Баткен электр тармактар ишканасында семинар-кеңешменин катышуучуларын тосуп алуу менен башталды. Катышуучулар ишкананын жаңы имараты менен таанышып, андан ары 110/10кВ «Тынчтык» жана 110/35/10кВ «Раззаков» көмөкчордонунда эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча иштер менен таанышты.
15-апрель күнү Баткен ЭТИнин жыйындар залында семинарды Баткен ЭТИнин башкы инженери Асылбек Артыков ачып, семинардын катышуучуларын Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозовичтин атынан жана жеке өзүнүн атынан жылуу сөздөрү менен куттуктап, семинарды кызыктуу, жемиштүү өткөрүүнү каалады.
Ишенимдүүлүк коопсуздук жана техникалык кызматынын бөлүмдөрүндөгү эмгекти коргоонун, коопсуздук техникасынын жана персонал менен иштөөнүн абалы боюнча докладды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Ишенимдүүлүк коопсуздук жана техникалык кызматынын жетекчиси Мамытов Бакытбек Маданбекович билдирди. Ал ошондой эле жумуш орундарына күтүүсүз текшерүү жүргүзүүнүн жана көмөкчордондордун электр орнотмолорунда, 0,4кВдан 500кВга чейинки аба жана кабелдик электр чубалгыларында иштерди коопсуз аткаруу боюнча СO 22862713-03-34.8-2023 талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Презентацияда ошондой эле 2024-жылга карата кырсыктар жана жаракат алуу маалыматтары камтылган, алар учурдагы кырдаалды баалоого жана жумуш ордунда коопсуздукту жакшыртуу боюнча мындан аркы чараларды иштеп чыгууга жардам берген.
Ошондой эле кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутуу, коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы текшерүүлөрдү пландаштыруу, өндүрүштө биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу маселелери талкууланды.
«КУЭТ» ААКнын ишенимдүүлүк коопсуздук жана техникалык кызматынын жетекчиси Мамытов Бакытбек Маданбекович, иштеги бардык коопсуздук талаптарын сактоонун жана жетекчиликтин эмгекти коргоого байланышкан ар кандай кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даярдыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Андан сырткары 2024-жылга карата «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалдарында өнөр жай, техникалык коопсуздук жана өрт коопсуздугу боюнча иштердин абалы тууралуу маалымат менен бөлүштү:
«Жалпысынан өткөн жылы жумушта коопсуздукту камсыздоо боюнча бир топ аракеттер көрүлдү. Жабдууларды үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүлүп, кызматкерлерге техникалык коопсуздукту сактоо, өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча окуулар жүргүзүлүп, жаңы процедуралар жана инструкциялар иштелип чыгып, ишке киргизилди.
2025-жылга карата биз ишкананын объектилериндеги өндүрүштүк кырсыктардын жана өрттөрдүн санын азайтуу, ошондой эле кызматкерлердин коопсуздук эрежелери жана чаралары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатын койдук» деп баса белгиледи.
«Кыргызстан УЭТ» ААКтын Окуу борборунун директорунун орун басары Сарыгулова Анара Ормотаевна билдиргендей, 2024-жылдын башынан 2025-жылдын март айына чейин «Кыргызстан УЭТ» ААКтын Окуу борбору ишкананын кызматкерлерин ийгиликтүү окутууну улантып, жумуштан тышкары, кызматкерлерге өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл билимдерди жана көндүмдөрдү берүүгө умтулушту.
16-апрель күнү жыйындын соңу Кадамжай шаарында уланып, семинардык катышуучулары 110/35/6кВ «Метоллургическая» көмөк чордонуна барып, көмөк чордондо жогорку чыңалуудагы жабдыктар менен таанышты.
Андан соң катышуучулар Кадамжай райондук электр тармактары ишканасында болуп, ишкананын абалы, диспетчердик ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жыйынтыгында семинардын катышуучулары семинарды жогорку деңгеелде уюштурганы үчүн Баткен электр тармактар ишканасынын жетекчилигине жана жалпы эмгек жамаатка ыраазычылык билдиришти.