Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында "Ишкерсандар менен иштөө күнү" өткөрүлдү

9 Сентябрь 2025 ж.

Бүгүн 2025-жылдын 9-сентябрь күнү “КУЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишкансы тарабынан "Ишкерсандар менен иштөө күнү” өткөрүлдү. Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан баардык  техникалык кызматтардында жана РЭТтерде ар бир айдын экинчи жумасынын экинчи күнү ишкерсандар менен иштөө күнү катары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

 

Бул күндүн алкагында кызматкерлер күнүмдүк техникалык иштерден убактылуу бошотулуп, техникалык коопсуздук, техникалык пайдалануу, өрт коопсуздугунун эрежелери, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү ыкмалары, чыңалууга тушкон жабырлануучуну бошотуу жолдорун үйрөнүшөт.

 

Бул практика кызматкерлердин аналитикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, чечим кабыл алуудагы тактыкты жогорулатууга жана жалпы иш сапатын жакшыртууга багытталган.