Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү

25 Август 2026 ж.

Жыйын Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясын 2025–2030-жылдар аралыгында ишке ашыруу, ошондой эле 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик антикоррупциялык саясаттын максаттарын жүзөгө ашыруу алкагында уюштурулду.
 
Жыйындын жүрүшүндө “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаев сөз сүйлөп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин ак ниет менен аткаруусу жана кызматтык абалдан жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга жол бербөө маселелерин белгилеп өттү.
 
Мындан тышкары, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда үзгүлтүксүз чагылдыруу да каралды.
 
Жыйындын катышуучуларына коррупциялык көрүнүштөргө эч кандай жол берилбестиги, кызматтык милдеттерди кыянаттык менен пайдалануу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келеери эскертилди. Ар бир кызматкер өзүнүн ишине жоопкерчилик менен мамиле кылып, мекеменин аброюн таза жана ак ниет эмгеги менен сактоого чакырылды.
 
Коррупцияга каршы күрөш - жалпыбыздын милдетибиз. Таза эмгек, жоопкерчилик жана ак ниет кызмат аркылуу гана күчтүү жана ишенимдүү энергетика тармагын түзө алабыз!