Колл - борбор: 105

БАТКЕН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУГА ДАЯРДЫК ДЕҢГЭЭЛИ БААЛАНУУДА

6 Ноябрь 2026 ж.

2026-жылдын 4–6-ноябрь күндөрүнө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасында жарандык коргонуу боюнча даярдыктын абалына баалоо жүргүзүлүүдө.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер ишкананын өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам аракеттенүүгө даярдыгын, кабарлоо жана байланыш системаларынын абалын, зарыл болгон материалдык ресурстар менен камсыздалышын, ошондой эле кызматкерлердин даярдык деңгээлин баалашууда.

 

Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана мындай кырдаалдарда электр тармактарынын объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Жүргүзүлүп жаткан баалоо иштери коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, жарандык коргонуу системасын өркүндөтүүгө жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.