Бүгүн, «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев эмгек жамаат менен жыйын өткөрдү.
Жыйында Баткен электр тармактар ишканасынын учурдагы милдеттери, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата энергосистеманын даярдыгы жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу маселелери талкууланды.
Директор электр тармактарындагы жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин күчөтүүнү тапшырып, ар бир кызматкерди ишине жоопкерчилик менен мамиле кылууну баса белгиледи.
Ошондой эле жыйында 2026-жылдын иш-планынын аткарылышы талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынды.