Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасынын эки жаңы обьектиси ачылып, пайдаланууга берилди

14 Октябрь 2024 ж.

 2024-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна иш сапар менен барып, капиталдык курулуш планынын негизинде курулуп бүткөн «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын административтик имаратынын ачылыш аземине катышты.
 
Аталган обьектилер Баткен облусунун 25 жылдыгына карата ачыла турган 25 обьектинин катарын толуктады.
 
Министр Таалайбек Ибраев кесиптештерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, энергетиктер үчүн түзүлгөн шарт, элдин алдында аткара турган ишке болгон жоопкерчиликти арттыраарын айтып өттү.
 
«Урматтуу кесиптештер! Бүгүн энергетика тармагында аткарылган дагы бир жакшы иштин жыйынтыгына күбө болуп турабыз. Баткендик энергетиктер үчүн кош майрам. Биринчиден Баткендин 25 жылдыгы, экинчиден энергетиктер үчүн эки чоң, заманбап имараттын ачылыш аземи болуп жатат. Мен Баткенге келген сайын кесиптештеримдин эски, тар, кызматкерлер батпаган имаратта иш алып барганын көрүп кейип кетчү элем. Ар бир энергетик шарты бар жерде иш алып баруусун каалайм. Мына бүгүндөн тарта 100 пайыз шарты менен эң чоң имаратта иштеп баштайсыздар. Жаңы имаратыңыздар кут болсун. Бирок эсиңиздерде болсун, энергетиктерге түзүлгөн шарт, калктын алдына жоопкерчиликтүү иштөөнү талап кылат. Андыктан кесиптештер жоопкерчилитүү ишиңиздерге ийгилик каалайм. Алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтөлү», - деди энергетика министри Т.Ибраев.
 
Маалыматка ылайык, учурда пайдаланууга берилген эки жаңы имараттын курулушуна 2023-жылдын 23-сентябрында мезгил кутучасы салынган. Жумуш эки этап менен жүрүп, учурда толугу менен колдонууга даяр.
 
Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы имараты 3 кабат болуп курулуп, 200 жумушчуга ылайыкташтырылган. Заманбап стилде салынып, жаңы мебель, компьютердик техникалар менен камсыздалып, жумушчулар үчүн жатаканасы, ашканасы жана атайын техникалар токтоочу короосу, трансформатор оңдоочу цехи, жабдууларды сактоочу кампасы менен салынган. Ал эми имараттын сметалык баасы 187 380 397 сомду түзгөн. Жалпы аянты 3727 квадрат метр.
 
Ошондой эле, Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын сметалык баасы 50 493 350 сомду түзгөн. Жумушчулар үчүн баардык шарттар каралып, жаңы имарат 60 орунга ыңгайлаштырылып курулган. Жалпы аянты 550 квадрат метр.
 
Аталган эки имратты куруу иштери «Кыргызстан УЭТ» ААКнын өздүк эсебинен каржыланды. Бүгүндөн баштап энергетиктер жаңы имаратта калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин алып бара баштайт.
 
Алдыда 2025-жылы капиталдык курулуш планына ылайык аталган имараттардын чатырына күн панелин орнотуу пландалууда.
 
Аталган имараттар колдонууга берилип, энергетиктердин иштөөсү үчүн мыкты шарт түзүлөт жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, Баткен облусунун өнүгүү жолундагы заманбап имараттардын бири болот.