«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында бир топ жумуштарды аткарууда. Алсак акыркы сегиз айда, 10/04кВ кубаттуулуктагы көмөкчү чордондор, аба чубалгылар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары 252 даана 10/04кВ кубаттуулуктагы көмөкчү чордонго пландалган болсо, бүгүнкү күндө 250 даанасы толугу менен жасалды. Ал эми 10/04кВ кубаттуулуктагы 379,460 км аба чубалгы капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү пландалган болсо, бүгүнкү күндө аталган пландык жумуштар толугу менен аткарылды.
Жалпылап айтканда, “КУЭТ” ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык жумуштарын өз мөөнөтүндө аткарууда.