Колл - борбор: 105,1209

Баткен облусунда 14462 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду.

22 Апрель 2025 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын метрология бөлүмү облус аймагында жашаган абоненттерге акылдуу электр эсептегич орнотуу иштерин алгылыктуу жүргүзүүдө.
 
2025-жылдын биринчи кварталында, Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык Баткен облусунун Кадамжай, Баткен райондоруна жана Кызыл-Кыя шаарына болуп жалпы 14462 даана бир фазалуу акылдуу эсептегичтер орнотулуп, 100 даана үч фазалуу акылдуу электр эсептегичтер орнотулду. Мындан сырткары көмөкчү чордондорго 162 даана сигнал берүүчү концентраторлор коюлду.
 
 Белгилей кетсек Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаевтин тапшырмасы менен 2025-жылдын январь айынан тарта Баткен облус аймагында абоненттерге акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери башталган.
 
Эмне үчүн алар "акылдуу" деп аталат?
Анткени бул эсептегичтер:
• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт.
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.
 
Эмне үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулат?
Себеби алар:
• үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат.
• берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат.
• коррупцияны жоюуга жардам берет.
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.
 
 Баткен электр тармактар ишканасынын алгылыктуу жумуштарын жана жаңылыктар тууралуу билдирүүлөрү Баткен электр тармактарынын официалдуу сайтында http://bpes.nesk.kg/ru/жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат.
 
Ошондой эле электр энергиясы боюнча төлөмдөр тууралуу “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209