«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын энергетиктери жыл башынан бери 52,5 км СИП-2 жана СИП-3 өткөргүчтөрүн тартышты.
Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык СИП-2 жана СИП-3 өткөргүчтөрүн тартуу иштери Баткен облусунун Лейлек району, Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай району жана Баткен районунда жасалууда.
Белгилей кетсек СИП өткөргүчтөрүн колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөрдү азайтууга жана тармактын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Энергетиктердин негизги максаты - электр энергиясын керектөөчүлөргө сапаттуу жана ишенимдүү жеткирүүнү камсыз кылуу.