Колл - борбор: 105,1209

Баткен облусунда 88 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү

28 Май 2024 ж.

Баткен облусунда 88 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү
 
♦️ Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалууда аба чубалгылар кызматынын карамагында жалпы 35/110/220кВ чыңалуудагы 1376 км аба чубалгысы бар.
 
♦️Быйыл 2024-жылдын иш планына ылайык аба чубалгы кызматы тарабынан 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Баткен облусундагы 88,17 км аба чубалгы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
♦️Андан сырткары 1238,07 км аба жалпы чубалгы планда каралган болсо, анын ичинен 536,50 км аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери аткарылды. Алдында 49,793 км аба чубалгысына карап чыгуу (обход) жумуштары жүрөт
 
♦️Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык быйылкы жылы 35кВ “Орженикидзе-Актурпак” аба чубалгысына кошумча 1 даана электр мамычасы орнотулат.
♦️Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.
 
♦️Баткен электр тармактар ишканасы Баткен облусу боюнча 123974 абонентти элекр энергиясы менен тейлейт
 
♦️Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
 
🔹Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Баткен электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://bpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
♦️Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна кайрылыңыз 105, 1209