«Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын тарабынан облус аймагында акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады.
Жалпысынан бул жылы облус боюнча 56 253 даана акылдуу электр эсептегич орнотулду. Анын ичинен 56 134 даанасы 1 фазалуу, 119 даанасы 3 фазалуу эсептегичтерди түзөт.
Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу электр энергиясын эсепке алуу системасын жакшыртууда чоң мааниге ээ. Бул заманбап жабдуулар электр энергиясынын керектелишин аралыктан көзөмөлдөөгө, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн автоматтык түрдө алууга жана керектелген электр энергиясын так эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан тышкары, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн алуу үчүн жеринде кыдыруунун зарылдыгы азайып, адам факторуна байланыштуу каталардын алдын алууга шарт түзүлөт. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануудагы мыйзам бузууларды жана уруксатсыз кошулууларды аныктоого, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга көмөк көрсөтөт.
Бул иштер энергетика тармагын санариптештирүү, электр энергиясын эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.