Колл - борбор: 105,1209

Баткен облусунун аймагында электр энергиясынын тарифтери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

18 Март 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 18-мартында Баткен облусунун Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарында «2025-2030-жылдарга электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын» жаңы токтом долбоору боюнча калк арасында түшүндүрүү иш -чарасы болуп өттү.
 
Жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштерине Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин өкүлү Жеңишбеков Өмүрбек Жеңишбекович, Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин өкүлү Эгемберди уулу Бектеналы, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын өкүлү Асанов Каныбек Асанович, Баткен электр тармактар ишканасынын директорунун коммерциялык суроолор боюнча орун басары Чыныбеков Максатбек Зарылбекович жана тийиштүү жетекчилер катышты.
 
Мында КРнын Министрлер Кабинетинин жаңы токтом долбооруна киргизилип жаткан сунуштар тууралуу сөз болуп, электр энергиясынын балансы, жалпы чыгымдары, көйгөйлөрү айтылды.
Жолугушуунун алкагында керектөөчүлөр электр энергиянын балансы, энергетикалык тармактагы көйгөйлөр, анын ичинде акылдуу эсептегичтерди алмаштыруунун шарттары боюнча суроолоруна жоопторду алышты.
 
Аталган иш-чаралар “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Баткен облусунун аймагында 2025- жылдын 20-мартына чейин улантылат.