Колл - борбор: 105,1209

Баткен РЭТ ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

20 Март 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору А.Д. Рысбековтун № 88-буйругу менен Тулаев Болотбек Мамашарипович, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Баткен райондук электр тармактары ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
 
Болотбек Мамашариповичти эмгек жамаатка Баткен электр тармактар ишканасынын директору Каланбек Маркаев тааныштырды.
 
Директор өз сөзүндө жаңы жетекчинин иштерине ийгилик каалап, Баткен районунун элин электр энергиясы менен камсыздоодо жоопкерчилик менен ак кызмат кылуусуна тилектештигин билдирди.
 
Тулаев Болотбек Мамашарипович жогорку билимдүү. Эмгек жолун 2010-жылы Баткен райондук электр тармактар ишканасында электр куроочу кызматынан баштаган.
2011-жылы Баткен РЭТ ишканасында диспетчер.
2011-2015-жж Электр куроочулар тобунун мастери.
2015-2016-жж Баткен РЭТ ишканасынын Бужум бөлүмүнүн участка начальниги.
2018-2019-Баткен РЭТ ишканасынын башчысынын орун басары.
2019-2024-жж Баткен РЭТ ишканасынын башчысы.
2024-жылдан бүгүн күнгө чейин Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүндө инженер кызматын аркалап келген.