Колл - борбор: 105,1209

Баткенде 600 чакырымдан ашуун жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары жаңыланды

1 Август 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапатту аткаруу талабына ылайык, "КУЭТ" ААКнын филиалы Баткен электр тармактары ишканасы тарабынан 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында ири көлөмдөгү оңдоо жана реконструкциялоо иштери ийгиликтүү жүзөгө ашырылды. Бул аракеттердин негизги максаты — Баткен облусунун калкын туруктуу, сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.
Баткенде жыл башынан бери 611 чакырымдан ашуун жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Тактап айтканда:
• 35 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары — 206,164 км
• 110 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары — 366,629 км
• 220 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары — 38,680 км
Жалпы 611,473 чакырым аба чубалгылары оңдолуп, техникалык жабдуулар жаңыланды.
Мындан тышкары эскирген 2526 даана фарфордук изолятор жаңыга алмаштырылып, тармактын ишенимдүүлүгү жогорулады.
Капиталдык оңдоолор дагы активдүү аткарылды.Капиталдык оңдоо иштеринин жалпы көлөмү 112,629 чакырымды түздү. Анын алкагында:
• 35 кВ аба чубалгылар— 44,929 км
• 110 кВ аба чубалгылар — 67,700 км
Мында 530 даана эски изоляторлор жаңыланды.
Электр тармактарын суу ташкындарынан коргоо чаралары көрүлдү. Табигый кырсыктардын, өзгөчө суу ташкындарынын алдын алуу жана электр жабдууларынын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар коргоо иш-чаралары ишке ашырылды. Анын алкагында төмөнкү багыттарда жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары бекемделди:
• 35 кВ “Кара-Булак – Тешик” багыты – Тогуз-Булак айылы
• 35 кВ “Раззакова – Самаркандек” багыты – Ак-Татыр айылы
• 35 кВ “Кадамжай – Айдаркен-1,2” багыты – Охна айылы.
Бул иштерде габиондук сеткалар, таштар, байлоочу зымдар колдонулуп, атайын техникалар тартылды. Максат — электр тармактарынын узак мөөнөттүү, үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу.