Баткенде СИП кабелдерин тартуу иштери кызуу жүрүүдө.
10 Сентябрь 2026 ж.
Баткен шаарында электр тармактарын жаңылоо жана электр энергиясын берүү сапатын жакшыртуу багытында иштер уланууда.
Учурда «КУЭТ» ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен РЭТинин энергетиктери 110/35/10 кВ «Баткен» көмөкчордонунан чыккан аба электр берүү чубалгысына 10кВ 0,7 км СИП-3, ал эми 0,4кВ чыңалуудагы 2,3 км СИП 2 өткөргүчтөрүн тартуу иштерин жүргүзүп жатышат.
СИП өткөргүчтөрүн колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөрдү азайтууга жана тармактын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Энергетиктердин негизги максаты - электр энергиясын керектөөчүлөргө сапаттуу жана ишенимдүү жеткирүүнү камсыз кылуу.