2026-жылдын 14-март күнү “КУЭТ” ААКнын филиалы-Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында кезектеги ишембиликке катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер Баткен шаарынын Төрт-Күл суу сактагычынан Миң-Булак айлына чейинки жолдун жээгин тазалап, таштандыларды жыйнап, чөптөрдү оруп, бак-дарактарды актоо иштерин жүргүзүштү.
Мындай иш-чаралар ишкананын Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай жана Кызыл-Кыя РЭТтеринде да уюштурулуп, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштери аткарылды.
Ишембиликтин максаты — тазалыкты сактоо, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакыруу.