Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырмасынын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө жана эски жабдууларды жаңылоо иштерин толугу менен аткарды.
Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 220/110/35 кВ аба чубалгыларында быйылкы жылга пландалган жумуштар толук аткарылды. 7200 даана эскирген изолятор толугу менен жаңысына алмаштырылып, быйылкы жылда 7513 даана жаңы айнек изоляторлор койулду. Жыл башынан бери жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматында 1264,75 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары кезектеги оңдоп-түзөөдөн ал эми 134,6 км аба чубалгылар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Селден коргоо максатында 3 апора боюнча бардык иштер толугу менен аткарылды.
Баткен электр тармактар ишканасынын 220/110/35/ кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы 10 айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды. 45 даана жогорку чыңалуудагы көмөк чордон кезектеги оңдоп тузөөдөн, 6 даана көмөк чордон капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү.
Аны менен катар 2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында облус аймагына 6 даана жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду.
Алар:
1. Лейлек районундагы 110/35/10 кВ «Самат» көмөк чордону 16 000 кВАдан 40 000 кВАга
2. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы 35/10 кВ “Животноводческая” көмөк чордону 10 000 кВАдан 16 000 кВАга
3. Лейлек районунун Раззаков шаарындагы 35/10 кВ “Исфана” көмөк чордон
6 300 кВАдан 10 000 кВАга
4. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы 35/10 кВ “Уч-Коргон” көмөк чордон 4 000 кВАдан 6 300 кВАга
5. Кадамжай районунун Күлдү айылындагы 35/10 кВ “Кульдинская” көмөк чордон
2 500 кВАдан 4 000 кВАга жогорулатылды
6. Кадамжай районундагы 35/10 кВ “Орозбеков” көмөк чордону 4000 кВАга дагы 2500 кВА кошулду.
Ошондой эле облус боюнча
- 316 даана 10/0,4 кВ трансформатор капиталдык оңдоодон;
- 1512 даана 10/0,4 кВ трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
- 650 км 10-0,4 кВ аба чубалгы капиталдык оңдоодон
- 1251 км 10-0,4 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Мындан тышкары реконструкциялоо иштеринин алкагында облус аймагында эскирген алюминий зымдарды заманбап СИП — өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. . Жалпысынан 2025-жылы Баткен облусу боюнча 43,45 чакырым алюминий зымдарын СИПке алмаштыруу пландалса, учурда анын 31,34 чакырымы толук аткарылып бүткөрүлдү.
Ошондой эле, иштин сапатын арттыруу жана электр түйүндөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 1568 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды.
2025-жылга карата облус боюнча жалпы 43 685 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган болсо, бүгүнкү күндө планга киргизилген (АСКУЭ) электр эсептегичтер баары орнотулуп бүттү. Тактап айтканда облустун Баткен району жана Баткен шаары толугу менен жана Кызыл-Кыя шаары акылдуу эсептегичтер менен камсыздалды.
Капиталдык курулуш боюнча иштер:
Бүгүнкү күндө Лейлек РЭТнин Өзгөрүш участогунун кызматкерлери үчүн административдик имараттын курулушу жүрүп жатат.
Баткен шаарындагы 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордонунун курулушу да толук аяктап ачылуу аллдында турат.
Баткен шаарындагы Жаңы-Достук айылынын курулушу аяктап, айылга толугу менен электр энергиясы берилип,көчөлөр жарыктандырылды.
Баткен РЭТ тарабынан "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан "Овцекомплекс" багыты боюнча жаңы 10 кВ аба чубалгы тартылды.
Анын алкагында:
* 114 даана электр мамычасы орнотулду;
* 4 чакырым узундуктагы жогорку чыңалуудагы аба чубалгы тартылды.
* Кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 даана жаңы көмөк чордону орнотулду;
* 217 даана жаңы электр мамычасы коюлду;
* 9,3 чакырым узундуктагы 0,4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары тартылды.
Ар бир турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.
Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында курулган жаңы конушту электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери да аяктады.
• 20 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду.
• 0,1 чакырым 6 кВ аба чубалгылары тартылып,
• 570м узундуктагы СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары орнотулду.
• 10/0,4 кВ - 160 кВА кубаттуулуктагы көмөкчү чордон орнотулду.
Жаңы конуштагы 16 турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду. Айылдын түнкү коопсуздугун камсыздоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу максатында 0,7 чакырым аба чубалгысы тартылып, 18 даана прожектор орнотулду.
Аны менен катар Лейлектин Раззаков айылындагы жаңы конуш да толугу менен электр энергиясы менен камсыз болду. Жаңы конушка:
• 18 даана электр мамысы орнотулуп,
• узундугу 0,7 км болгон 10 кВ аба чубалгысы тартылды.
• Кубаттуулугу 250 кВА болгон ГКТП тибиндеги көмөк чордон орнотулду.
• 85 даана электр мамысы орнотулуп,
• узундугу 22050 м болгон СИП-2 аба чубалгысы тартылды.
60 даана электр эсептегичтер орнотулуп, айылдагы бардык үйлөргө электр энергиясы жеткирилди. Ошондой эле, 65 даана прожектор орнотулуп, узундугу 2,0 км болгон аба чубалгысы аркылуу түнкү жарыктандыруу системасы ишке киргизилди.
Бул иштердин аркасында Баткен облусунун шаар жана аймактары электр энергиясы менен туруктуу камсыздалып, керектөөчүлөргө сапаттуу жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү артат. Энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана бекемдөө боюнча мындай иштер кыш мезгилинде жүктөмдүн көбөйүшүнө карабастан, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Жалпылап айтканда, “КУЭТ” ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык жумуштарын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарды.в.