Колл - борбор: 105,1209

Баткен электр тармактар ишканасы кезектеги ишембиликке чыгышты

4 Апрель 2026 ж.

КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен тармактар ишканасынын эмгек жамааты кезектеги ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында ишкананын айланасын жана бөлүнгөн аймакты тазалоо, ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүштү. Кызматкерлер өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда таштандыларды жыйнап, арыктарды тазалап, айлана-чөйрөнү таза сактоого өз салымдарын кошушту.

Мындай иш-чаралар жамааттын биримдигин бекемдеп, шаарды таза кармоо жана жашылдандыруу багытындагы иштерди колдоо максатын көздөйт.

 Ушундай эле ишембилик ишкананын Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай жана Кызыл-Кыя РЭТтеринде да уюштурулду.

 Баткен электр тармактар ишканасы мындан ары да коомдук иш-чараларга активдүү катышып, аймактын тазалыгына салым кошо бермекчи.