Бүгүн “КУЭТ” ААКнын филиалы Баткен тармактар ишканасынын эмгек жамааты коомдук иштерге активдүү катышуу жана таза жашоо чөйрөсүн жайылтуу максатында кезектеги ишембиликке чыгышты.
Бул ирет ишкананын кызматкерлери Баткен шаарынын Сайдыман Ажы көчөсүндөгү белгиленген тилкени жана мекеменин айланасын таштандыдан тазалап, айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу иштерин жүргүзүштү. Ишембилик учурунда кызматкерлер биримдикте иш алып барып, көчөлөрдү таштандылардан тазалашты.
Ушундай эле ишембилик ишкананын Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай жана Кызыл-Кыя РЭТтеринде да уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты — тазалыкка жана экологиялык маданиятка көңүл буруу, айлана-чөйрөнү таза жана көрктүү абалда сактоо. Белгилей кетсек, Баткен электр тармактар ишканасы мындай ишембиликтерди үзгүлтүксүз өткөрүп келет.