Колл - борбор: 105,1209

БИР КАТАР ЖООКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ

24 Август 2026 ж.

 
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозовичтин “Сыйлоо жөнүндө”буйругуна ылайык, КР ИИМнин 7077 ички аскерлери жана Куралдуу күчтөрдүн «Илбирс» атайын отрядынын аскерлери Баткен электр тармактар ишканасынын "Ыраазычылык барагы" менен сыйланды.
 
Тиешелүү сыйлыктарды жоокерлерге бүгүн, Баткен электр тармактар ишканасынын коммерциялык суроолор боюнча директордун орун басары Н.З. Мамадалиев тапшырып, жоокерлерге ыраазычылык билдирди.
 
Белгилей кетсек 2026-жылдын 22-июнь күнү Баткен районунда катталган селдин кесепетинен Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имараты жана 110/35/6кВ “Баткен” көмөк чордонун сел каптаган. Селден тазалоо иштерине энергетиктерден сырткары да жардамчы күч тартылып, КР ИИМ ички аскерлери селдин кесепеттерин жоюу иштерине жардам беришкен.