БИЗДИН КАДРЛАР!
6 Март 2025 ж.
20-жылдан бери бухгалтердик кызматты аркалаган Чынара Карим кызы.
Карим кызы Чынара 1982-жылы 22-март күнү Баткен шаарынын Базар-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө беш бир тууган.
1988-жылы Н.К. Курпская орто мектебинде биринчи класстын босогосун аттап, 1999-жылы гимназия-интернат мектебин артыкчылык менен бүтүргөн.
1999-жылы Ош мамлекеттик университетине жогорку окуу жайга окуп, 2004-жылы окуусун аяктаган.
-2005-жылдын апрель айында «Ошэлектр» ААКнын Баткен филиалында жеңилдиктер боюнча эсепчиси:
-2008-жылы «Ошэлектр» ААКнын Баткен филиалында калк керектөөчүлөрдү тейлөө боюнча инженер:
-2009-жылы «Ошэлектр» ААК Баткен райондук электр тармактар ишканасынын оператору:
-2012-жылы Баткен райондук электр тармактар ишканасынын бухгалтери болуп орношуп, бул кызматта 2022-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген.
-2022-жылы «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын электр энергия сатуу бөлүмүнүн эсепчиси, ошол эле жылы электр энергия сатуу бөлүмүнүн башкы эсепчисинин орун басары болуп эмгектенген.
-2022-жылдын декабрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Баткен электр тармактар ишканасынын электр энергия сатуу бөлүмүнүн жетектөөчү эсепчиси болуп эмгектенип келүүдө.
Чынара Карим кызы өзүнүн кесипкөйлүгү менен энергетика тармагынын жана мамлекеттик мекемелердин бир канча сыйлыктарына татыктуу болгон:
2010-жылы «Ошэлектр» ААКнын Ардак грамотасы:
2011-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк кызматынан Ардак грамота, ошол жылы Баткен шаарынын Мэриясынын Ардак грамотасы:
2015-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- Акимдин Ардак грамотасы:
2016-жылы КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы:
2020-жылы КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Ардак грамотасы:
2022-жылы КР Энергетика министринин Ыраазычылык каты:
2023-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын кесиптик бирлигинин 1-даражадагы диплому:
2023-жылы КР аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Чынара Карим кызы учурда кесипкөйлүгү, жакшы мамилеси менен кесиптештердин алдында кадыр-баркка ээ.