Быйыл Баткен облусунда 43685 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулат.
3 Февраль 2025 ж.
2025-жылдын 30-январь күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору К.О. Маркаевтин тапшырмасы менен, ишкананын метрология бөлүмү тарабынан облус аймагында жашаган абоненттерге акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери башталды.
2025-жылы Баткен электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына ылайык Кадамжай районуна 12785 даана, Кызыл-Кыя шаарына 17000 даана ал эми Баткен районуна 13900 даана бир фазалуу акылдуу эсептегичтер орнотулат. Бүгүн алгачкы орнотуу жумуштары Кызыл-Кыя шаарында жана Баткен районунун Кызыл-Бел айылынан башталды.
Эмне үчүн алар "акылдуу" деп аталат?
Анткени бул эсептегичтер:
• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт.
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.
Эмне үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулат?
Себеби алар:
• үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат.
• берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат.
• коррупцияны жоюуга жардам берет.
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.
Баткен электр тармактар ишканасынын алгылыктуу жумуштарын жана жаңылыктар тууралуу билдирүүлөрү Баткен электр тармактарынын официалдуу сайтында
http://bpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат.
Ошондой эле электр энергиясы боюнча төлөмдөр тууралуу “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209