“КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан кезектеги ишембиликке активдүү катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер ишкананын айланасын ирээтке келтирип, бөлүнгөн аймактарды таштандылардан тазалап, кургак чөптөрдү оруп, бак-дарактарды актоо иштерин жүргүзүштү. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, санитардык тазалоо иштери сапаттуу аткарылды.
Ошондой эле ишкана “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерин улантып, арча көчөттөрүн, ар түрдүү гүлдөрдү отургузуу менен аймактын экологиялык абалын жакшыртууга салым кошууда.
Мындай иш-чаралар Баткен электр тармактар ишканасынын Баткен, Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай жана Кызыл-Кыя РЭТтеринде да уюштурулуп, ар бир аймакта тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жигердүү жүргүзүлдү. Баткен электр тармактар ишканасы мындан ары да айлана-чөйрөнү коргоо, тазалыкты сактоо жана жашылдандыруу багытындагы иштерди туруктуу негизде уланта берет.