"Кыргызстан УЭТ" ААК электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, “Кондиционерсиз күн” аттуу жалпы республикалык акцияны баштады. Бул маанилүү демилгени Баткен электр тармактар ишканасы да колго алып, активдүү катышууда!
Бүгүн мекеме кызматкерлери биргелешип, жумуш орундарында кондиционерлерди өчүрүп, табигый желдетүүнү жана электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууну тандашты.
Бул демилгени Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек, Кызыл-Кыя жана Баткен электра тармактары да колдоп чыгышты.
✅ Бул демилге:
· Электр тармагына түшкөн жүктү азайтууга;
· Электр энергиясын үнөмдөөгө;
· Энергия булактарын туура пайдаланууга түрткү берет.
🔋 Биз электр энергиясы — түгөнгүс ресурс эместигин түшүнүү менен, күнүмдүк жашообузда да үнөмдөөгө чакырабыз. Ар бир кадам – чоң өзгөрүүгө себепчи болот!
👉 Сиз дагы бул демилгени колдоп, өзүңүздүн иш ордуңузда же үй-бүлөңүздө “Кондиционерсиз күн” өткөрүп көрүңүз!