Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу жана алардын ден соолугун чыңдоо максатында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы – Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан кызматкерлердин балдарын эс алуу жайларына жөнөтүү иштери башталды.
2026-жылы жалпы 70 бала Баткен районундагы «Дары-Булак» эс алуу борборунда эс алышат. Бүгүн эс алуу жайынын экинчи агымына 30 бала жөнөп кетишти.
Балдарды «Дары-Булак» эс алуу борборуна жеткирүүдө алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Медициналык коштоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин коштоосунда жөнөтүлдү. Бул чаралар балдардын сапар учурундагы коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздап, жол жүрүү эрежелеринин так сакталышына багытталган.
«Дары-Булак» эс алуу борборунда балдар үчүн ар түрдүү маданий-массалык иш-чаралар, спорттук мелдештер, чыгармачылык сынактар жана ден соолукту чыңдоого багытталган программалар уюштурулат. Бул өз кезегинде балдардын жаңы досторду табуусуна, эс алуусун пайдалуу өткөрүүсүнө жана жаңы окуу жылына күч-кубат топтоосуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Баткен электр тармактар ишканасы кызматкерлердин социалдык колдоосуна өзгөчө маани берип, алардын балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иштерди мындан ары да улантат.