Директор ишкерлер менен жолугушту
17 Декабрь 2024 ж.
Бүгүн, 17-декабрь күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозович, Баткен шаарында иш алып барган жеке ишкерлер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер тарабынан электр энергиясы боюнча бир канча маселелер айтылып, директор тарабынан айтылган суроолорго, сунуштарга толугу менен түшүндүрмө берилди.
\
Жыйынтыгында директор ишкерлерге ар дайым колдоо болуп келгенин баса белгилеп, азыркы учурда электр энергиясын үнөмдүү колдонуу учурдун талабы экенин айтып өттү.