Директор Лейлек жана Сүлүктү РЭТ ишканаларына барды.
23 Январь 2025 ж.
Бүгүн, 2025-жылдын 23-январь күнү «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасынын директору Маркаев Каланбек Орозович, Баткен электр тармактар ишканасына караштуу Лейлек жана Сүлүктү РЭТ ишканаларына барып, энергетиктер менен жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө директор коррупция боюнча 2024-жылдын 31-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жаңы мыйзам кабыл алынганы тууралуу айтып өтүп, энергетиктерди өз кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылууну, мыйзамсыз иштерге барбоону эскертти.
Андан соң 2024-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгына баа берилип, директор тарабынан иш арасында болгон кемчиликтерди жойуу, 2025-жылдын иш планын убагында сапаттуу аткаруу талабы коюлду.
Жыйын суроо-жооп менен уланып, директор Каланбек Орозович энергетиктердин суроолоруна жооп берип, кээ бир айтылган маселелер жеринде чечилди.