Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан Лейлек райондук жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын кызматкерлери үчүн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иш чарасы уюштурулду.
Иш-чарага үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча коммиссияныны курамынын төрагасы,Баткен электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин орун басары К. Маркаев, Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, дин өкүлдөрү жана Сүлүктү, Лейлек райондук электр тармактарынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө адистер үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын үй-бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасири, ошондой эле мыйзамдык жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат беришти. Катышуучуларга үй-бүлөдө өз ара сый-урматты сактоо, сабырдуулук менен мамиле кылуу, туура баарлашуу жана чыр-чатактарды тынч, мыйзамдуу жол менен чечүүнүн мааниси өзгөчө белгиленди.
Дин өкүлдөрү үй-бүлөдөгү ынтымак, жоопкерчилик жана бири-бирин урматтоо ар бир адам үчүн негизги баалуулук экенин белгилешти. Ал эми ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү мыйзам талаптары, укуктук жоопкерчилик жана зордук-зомбулук учурларында кайсы тиешелүү органдарга кайрылуу керектиги боюнча маалымат беришти.
Жыйындын негизги максаты — кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алууга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.