Колл - борбор: 105,1209

Кадамжай жана Кызыл-Кыя РЭТтеринин адистери үчүн коопсуздук боюнча окутуу өткөрүлдү

17 Февраль 2026 ж.

«Кыргызтан УЭТ» ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы тарабынан кызматкерлердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоону күчөтүү максатында атайын окуутуу болуп өттү. Окутууга Кадамжай жана Кызыл-Кыя электр тармактарынын адистери катышып, өздөрүнүн билимдерин жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

 Окутуутуу алгач суроо-жооп форматында башталды. Талкуу учурунда өндүрүштүк коопсуздук, электр жабдууларын пайдаланууда техникалык талаптарды так сактоо, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана эмгекти коргоо эрежелери боюнча кеңири маалыматтар берилди.

 Иш-чаранын алкагында биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү. Адистер өзгөчө кырдаалдарда жабырлануучуга туура жана ыкчам жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмаларын манекендин жардамы менен көрсөтүп беришти. Катышуучуларга атайын даярдалган видеоматериалдар көрсөтүлүп, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча маалыматтар берилди.

 Окуунун жыйынтыгында кызматкерлер алган билимдерин чыңдоо максатында иш процессинде кездешкен көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берип, манекенди жандандыруу боюнча практикалык экзаменден өтүштү.